Астанада саламаттыкты сактоо боюнча глобалдык деңгээлдеги иш-чара өтөт

Астанада саламаттыкты сактоо боюнча глобалдык деңгээлдеги иш-чара өтөт

Астана келерки аптада дүйнөлүк ден соолуктун борборуна айланат. Тогуздун айынын 24-26 күндөрү борбор калаада ДССУнун Европалык аймактык комитетинин 73-сессиясы өтөт. Мажилис Казакстан Республикасынын өкмөтү менен ДССУнун ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялады. Документти депутаттарга саламаттыкты сактоо министри тааныштырды. Ажар Гинияттын айтымында, жакында борбор калаада дүйнөлүк уюм менен биргелешкен дагы бир маанилүү иш-чара өткөрүлөт. Атап айтканда, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча дүйнөлүк конференция. Иш-чарага уюмдун жетекчиси Тедрос Гебреисус да катышат. Жыйын эки декларациянын мааракесине туш келүүдө. Алар: Алматы декларациясынын 45 жылдыгы жана Астана декларациясынын 5 жылдыгы. Бул конференцияга дүйнөнүн 81 өлкөсүнөн 650 делегат чогулары белгилүү болду.

Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:
- Бул иш-чараларды өткөрүү мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагындагы демилгелерин илгерилетет, белгилүү европалык мамлекеттердин арасында Казакстандын саламаттыкты сактоо системасынын ийгилигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, өлкөнүн аймактагы жана дүйнө жүзүндөгү медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мекени жана лидери катары макамын колдойт. Региондо  саламаттыкты сактоо тармагындагы маанилүү жогорку деңгээлдеги аймактык саясий иш-чараны өткөрүүгө жөндөмдүү өлкө катары кошумча оң таасир калтырат.

«Улуттук фонд – балдар үчүн»: мыйзам долбоору президентке жиберилди

Мажилистин депутаттары дагы бир нече мыйзам долбоорлорун талкуулашты. Биринчи кароодо эл өкүлдөрү Салык кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин карашты. Ага ылайык, атайын экономикалык аймакта иштеген ишканаларга бир катар салык жеңилдиктерин берүү сунушталып жатат. Мындан тышкары, Улуттук фонддон балдарга которулган каражаттар да салыктан бошотулат. Мажилис Сенаттын “Улуттук фонд – балдар үчүн” мыйзам долбоору боюнча түзөтүүлөрүн жактырды. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Бул долбоор Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесин казакстандык жашы жете электердин атайын эсептерине киргизүүнү карайт. Бирок, бул каражаттарды мөөнөтүнөн мурда чечип алууга болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков