Касым-Жомарт Токаев Эммануэль Макронду жана бардык
француз элин Франциянын улуттук майрамы – Бастилияны алуу күнү менен
куттуктады. Мамлекет башчысы Казакстан менен Франциянын ортосундагы ишенимдүү
саясий диалогго жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка
негизделген стратегиялык өнөктөштүк чыңдалып келе
жатканын белгиледи. Маалыматка ылайык, Бастилияны басып алуу адамзат
тарыхындагы эң чоң окуялардын бири жана «Бастилия» деген сөздүн өзү саясий
эркиндиктин символуна айланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков