Сирия маселесине арналган сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Сирия маселесине арналган сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Сириянын экономикасын жандандырып, калктын жыргалчылыгын жогорулатуу, кырдаалды турукташтыруу жана бүткүл аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун кепили болот. Борбор калаада Сирия каатчылыгын жөнгө салуу боюнча Астана жараянынын кезектеги айлампасында аталган маселелерге артыкчылык берилүүдө. Мындан тышкары 17-эл аралык конференциянын күн тартибинде туткундарды алмашуу, качкындарды колдоо сыяктуу бир катар талаштуу маселелер бар. Чогулгандар өлкө аймагын өрттөгөн террористтик топтордун ишмердүүлүгүнө да тынчсызданышууда. Орус президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьевдин айтымында, террордук уюмдардын жайылышын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулук бүгүнтөн калбай тартылууга тийиш. Буга байланыштуу аталган маселеге кайдыгер карабаган тараптарды бириктирген салттуу эл аралык сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп өттү.

Александр Лаврентьев, ОФ Президентинин атайын өкүлү:

- Келерки жылдын үчтүн айында Астана жараянынын башталганына 5 жыл толот. Бул сүйлөшүүлөр дүйнөдөгү кырдаалды жакшыртууну улантып, саясий жараяндардын илгерилешине салым кошуу менен бирге максатын татыктуу аткарып келет. Биз Нур-Султан шаарында Түркиянын, Ирандын, коңшу мамлекеттердин, Иорданиянын жана Ливандын делегаттары менен биринчи кезекте Сириядагы абалды турукташтыруу үчүн зарыл болгон маселелерди биргелешип талкуулайбыз.

Айман Сусан, Сириянын Тышкы иштер министринин орун басары:

- Биз Астана жараяны алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чоң жыйынтыктарга жетиштик. Бирок Эрдоган режими орус тарап койгон милдеттерди аткарса, натыйжа бир топ жогору болмок деп ойлойм. Буга байланыштуу Казакстандын өкмөтүнө бизди кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков