Казакстандын уну АКШнын базарына жетти. Алгачкы 50 тонна ата мекендик өнүм Нью-Йоркко жеткирилип, Eurasian Legacy - Евразиялык мурас бренди менен Amazon жана Walmart сыяктуу ири интернет дүкөндөрүндө сатыкка чыкты. Американын бир катар наабайканалары аны колдоно башташты. Таңгакта «Product of Kazakhstan» чыгарылган жери көрсөтүлгөн. QazTrade белгилегендей, бул өлкөнүн жогорку сапаттагы жана экологиялык таза өнүмдү жеткирүүчү катары имиджин түзүүгө жардам берет. Ошондуктан Казакстанда жасалган товарларга чет өлкөлөрдө суроо-талап көп. Учурда АКШнын ресторандарына ун жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аны ошол өлкөдөгү соода түйүндөрүнө киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатат. АКШнын рыногун багындыруу өлкөнүн жаңы стратегиясынын алкагында ишке ашырылган. Жакынкы аралыкта 100 тоннага чейин ата мекендик өнүмдү жеткирүү пландалууда. Жакында эле Казакстандын президенти өз кайрылуусунда экономиканы ар тараптандыруу темпин жогорулатуу зарылдыгын белгилеген. Буга байланыштуу айыл чарба өнүмдөрүн терең кайра иштетүүгө артыкчылык берилет.
Айтмухаммед Алдажаров, Соода жана интеграция министрлиги алдындагы «Qaztrade» башкы мүдүрү:
- Биз ун менен эле токтоп калган жокпуз. Май, гречка, ун жана шоколадды да тааныштырдык. Алардын алгачкы жеткирилиши 1 тоннага жакын болот. Биздин өнүмдөр Американын рыногунда суроо-талапка ээ болушу үчүн алар жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу чыгарылышы керек. Бул азыр биздин негизги максатыбыз. Ошондо гана биз туруктуу экспортко жетише алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

