Чакан жана орто бизнес – Алматынын экономикалык өсүшүнүн негизги драйвери

Чакан жана орто бизнес – Алматынын экономикалык өсүшүнүн негизги драйвери

Алматынын 2023-жылга карата экономикалык өсүү темпи 13% түздү. Бул көрсөткүчкө кайра иштетүү өнөр жайынын аркасында жетишилди. Өнөр жайды өнүктүрүү жана андан ары колдоо үчүн мегаполисте 18 чакан индустриалдык парктын курулушу активдүү жүрүп жатат. Инвестициялардын көлөмү 10 миллиард теңгеден ашат. Белгилей кетсек, чакан жана орто бизнес тармагы да шаардын экономикасына чоң салым кошуп, 60%га чейин жетти. Андыктан кичи бизнести колдоо шаардык акимчиликтин негизги артыкчылыктарынын бири. 2023-жылы бюджеттен субсидияларга, кепилдиктерге жана насыяларга 51 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул 1700дөн ашык долбоорду колдоого мүмкүндүк берди. Алматынын экономикасын диверсификациялоодо туризм тармагына да чоң көңүл бурулууда.

Ерболат Досаев, Алматы шаарынын акими:
- 2023-жылдын 9 айында туристтердин саны 17,4%га өсүп, 1,5 миллион кишиден ашты. Анын ичинде чет элдик туристтер — 1,5 эсе. Жылдын аягына чейин туристтердин саны 2 миллион адамга чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу үчүн Алматы агломерациясынын алкагында туристтик дараметти ишке ашыруу боюнча Тургенден Каскелеңге чейинки тоо кластерин өнүктүрүүнүн негизги жолдору аныкталды. Башкы планды кийинки жумада сунуштайбыз. Туризмдин кызыкчылыгы үчүн 6 локацияны жана пункттарды бириктирүү пландаштырылууда. Алар Каскелең жана Тургень капчыгайлары, Чоң Алматы көлү, Медеу-Шымбулак, Талгар-Ысык, Ак-Булак.

Которгон: Илгиз Жамалбеков