Марафончу Сарсенбай Котырашов, Казакстандан Кытайга жөө саякатка аттанат

Өскеменден Бээжинге жөө. Казакстандык Жиханкез Сарсенбай Котырашев жаңы багытты багындырууну көздөөдө. Кытайга жеткенге чейин ал Алтай аркылуу Монголияны басып өтөт.  74 жаштагы пенсионер бул жолку сапарын аяк оона айында борбор калаада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арнап жатат. Тажрыйбалуу марафончу, темир уста, маданий мурастарды калыбына келтирүү менен алектенген. Буга байланыштуу ал бул сапарында көчмөн элдин маданиятын, казак тарыхын дүйнөгө даңазалайт. Ал былтыр Орусия, Грузия жана Түркияга барган. Баш-аягы 3 миңдей чакырым жолду 100 күндө басып өткөн. Бул сапарда ал 4 миң чакырымдай жол жүрөт. 

Сарсенбай Котырашев, эмерек жасоочу:

– Уктоого арналган баштыгым даяр. Айылга жете албасам талаада түнөйм. Мунун бардыгын атайын шайтан араба дөңгөлөктөрүнөн жасалган арабага окшогон чемоданда жыйналуу турат. Мен баштыгыма Казакстандын жана бара турган мамлекеттердин желектерин салып жүрөм. Барган мамлекеттин туусун илип койом. Бул аркылуу ошол мамлекет менен кызматташтыкта экенибизби көрсөткүм келет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков