Казакстанда суу ташкынынын абалы турукташууда. Бүгүнкү күндө Акмола, Актөбе, Караганды, Костанай жана Павлодар облустарында кооптуулук азайды. Абдан оор абал түзүлгөн Петропавл жана Күлсары шаарларында суу тартыла баштады. Оор мезгилде суу баскан аймактардан 119 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу Премьер-министр өкмөт жыйынында билдирди. Учурда адистер өзгөчө кырдаалдын кесепеттери менен күрөшүүдө. Суу каптаган аймактардагы турак жай маселесин тез арада чечүүнүн механизмдери иштелип чыкты. Жаңы курулуш үчүн жер тилкелерин тандоо иштери жүргүзүлүп жатат. Маселен, Актөбе облусунда турак жай курулушу башталды, Акмола, Караганды, Костанай аймактарында даяр жаңы турак жайлардын ачкычтары тапшырылууда. Ошондой эле, жабырлануучуларга келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу тартиби бекитилди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Азыркы учурда 11 миңге жакын үй-бүлө 100 АЭК өлчөмүндө төлөм алды. Бул чоң иштин башталышы гана. Буга кошумча дагы 150 АЭКке чейин компенсация төлөйбүз. Ага адамдар муздаткыч, үстөл, орундуктар, идиш-аяк, кийим-кече сыяктуу эң керектүү нерселерди сатып ала алышат. Мындан тышкары, ишкерлердин чыгымы да кайтарылат. Эч ким жардамсыз калбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков