Алматыда 120 окуучу бир учурда сүрөт тартты

Алматыда 120 окуучу бир учурда сүрөт тартты

Быйыл кыл калем чебери, казак сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Абилхан Кастеевдин туулганына 120 жыл толот. Алматыда бир учурда 120 окуучу сүрөт тартты. Катышуучулардын бири жайлоону тартса, экинчиси казак баатырларын кагаз бетине түшүрдү. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, сүрөт тартуу акыл-эсти эс алдырат, ал эми эс алуу эс тутумду жакшыртат. Кошумчалай кетсек, акциянын алкагында окуучулар эко-флешмоб уюштуруп, калдыктарды кайра колдонууга киргизип, экинчи өмүр тартуулашты.

Салтанат Кусайынова, Алматы шаарынын Наурызбай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: 

– Жалпысынан балдардын аң сезимине жаратылышка аяр мамиле кылууну, айлана-чөйрөгө маданияттуулук менен кароону, мекенге, өлкөгө, мектепке деген жоопкерчиликти сиңирүү маанилүү.

Алтынай Дауирбай, окуучу: 

– Мен кичинекей кезимден эле пейзаж темасында өтө көп сүрөт тартчумун жана чоңойгондо сүрөтчү болом деп алдыма максат койгом.

Которгон: Илгиз Жамалбеков