Түрк мамлекеттери «Таңбалы» корук-музейинде чогулушат

Түрк мамлекеттери «Таңбалы» корук-музейинде чогулушат

Казакстанда өтүүчү эл аралык илимий-методикалык конференцияга катышуу үчүн Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана башка түрк мамлекеттеринин алдыңкы түркологдору чогулушат. Маданий иш-чараны кулжа айынын 9-11 күндөрү Алматынын жанындагы «Таңбалы» корук-музейинде өткөрүү мерчемделген. Бул эстелик 2004-жылы ЮНЕСКО-нун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Анда катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү түрк археологиялык мурастарын изилдөө жана сактооОшондой эле калыбына келтирүү жаатындагы аймактык кызматташтыктын келечегин талкуулоого ниеттенүүдө. Иш-чаранын маанилүү элементи Түрк маданияты жана мурасы фондунун колдоосу менен түзүлгөн Реставраторлор жана тарыхчы-архитекторлордун консультативдик кеңешинин биринчи жыйыны болот. Анын максаты - түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө жана анын тышында да түрк маданияты менен мурасын сактоо, коргоо жана жайылтуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков