Орусиялык кыз-келиндер казактын улуттук тамак-аштарын жасаганды үйрөндү. Тажрыйбалуу ашпозчулар Москвада атайын чеберчилик саатын өткөрүштү. Алар өздөрүнүн ыкмалары, тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга беш бармак, боорсок менен жент даярдоону үйрөтүштү. Гастрономиялык иш-чарага Казакстандын бардык аймактарынан жана Орусиянын булун-бурчунан айымдар катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков