Алматы шаарындагы Шанхай Кызматташтык Уюму өлкөлөрүнүн жыйынынын негизги максаты - спорт менен туризмдин дараметин өнүктүрүү. Казакстандын демилгеси менен уюмдун 2024-2025-жылдарга туризм тармагындагы биргелешкен планы иштелип чыгып, кабыл алынган. Анда 20га жакын иш-чара камтылган. Документте инфраструктураны жакшыртуу, туристтик суроо-талапты стимулдаштыруу, саякатчыларды тейлөөнү жакшыртуу жана аймактагы туристтик багыттарды алдыга жылдыруу боюнча чаралар каралган. Ошондой эле ар бир өлкө уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды сунуштоо менен өз салымдарын кошот.
Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:
- Биздин министрликтин алдында Эл аралык туризм жана меймандостук университети иштейт. Ал Түрк дүйнөсүнүн руханий туристтик борбору болгон Түркестан шаарында жайгашкан. Алдыдагы академиялык жылында биз ар бир өлкөдөн 2ден өкүлдүн демилгесин артыкчылыктуу түрдө кабыл алууга даярбыз. Биздин демилге эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенем. Кошумчалай кетсек, ШКУнун алкагында уюмдун туризм жана маданий борбор долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алматы бул макамды кийинки шаарга берүүгө даяр. Биз өз тарапыбыздан КЭРдагы Циндао шаарынын ШКУнун туризм жана маданий борбору катары талапкерлигин колдоого даярбыз.
Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин экономикалык кызматташуу департаментинин мүдүрү Никита Кондратьевдин айтымында, бул кадам өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана маданий алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Никита Кондратьев, Орусия экономикалык өнүктүрүү министрлиги көп жактуу экономикалык кызматташтык жана атайын долбоорлор департаментинин мүдүрү:
- Жолугушуу абдан курч жана эффективдүү өттү. Анын корутундусунун негизинде алдыдагы 2 жылга биргелешкен иш планы кабыл алынды. Орусия тарабынан 4 блоктон турган сунуштар берилди. Биринчиси, ага жараша биргелешкен туристтик өнүмдөрдү алдыга жылдыруу. Биз туризм тармагынын кадрларын даярдоого, ошондой эле стандарттардын жакындашына жана саякатчылардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурдук. Белгилей кетсек, акыркы блок биз үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени Орусия туризм тармагын стандартташтыруу жаатында өзүнүн мыкты тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Кийинки жылы биз ШКУнун алкагында стандартташтыруу жана жөнгө салууну жакындаштырууга арналган өзүнчө демилге даярдоону пландап жатабыз. Экинчи маселе – виза режими. Бул маселе министрлердин жолугушуусунда кызуу талкууланып, бардык делегация башчылары тарабынан көтөрүлдү. ШКУнун өлкөлөрү виза режимин либералдаштырышы керек. Биз дагы ушул багытта иштеп жатабыз. Уюмдун бардык өлкөлөрү менен визасыз режим орнотулду. Ошондой эле, топтук визасыз турлар активдүү өнүгүп жатат. Алар 2023-жылдын баш оона айынын 1нен бери Кытай жана Иран менен ийгиликтүү иштешүүдө. Биз кабыл алып жаткан бардык документтер туризм тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт деп ишенебиз.
Казакстан уюмга кирген дээрлик бардык өлкөлөр менен визасыз режим орноткон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстанга келген чет элдик туристтердин 62 пайызы Шанхай кызматташтык уюмунун жарандары. Жыйындын жүрүшүндө туризм жана спорт министри Ермек Маржыкпаев Кытайдын, Ирандын жана Орусиянын тиешелүү мекемелеринин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. КЭРдагы кесиптеши Гао Джидан менен кызматташуу жана 2025-жылкы Кышкы Азия оюндарына катышуу маселеси талкууланды. Алматыда өткөн ШКУнун жыйынынын жыйынтыктоочу документи 2024-2025-жылдарга туризм боюнча биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюу болуп саналат.
Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:
- Ушул жылдын аяк оона айынын 8-13-аралыгында биздин өлкөдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрүн айткым келет. Ал борбор калаада 100 миңден ашуун саякатчыларды чогулткан ири туристтик иш-чара болуп саналат. Сиздерди борбор шаарыбыз Астанада уникалдуу долбоордун ишке ашырылышын өз көзүңүз менен көрүп, чоң таасир алууга чакырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков