Мамлекет башчысы Костанайдагы абал менен таанышты

Мамлекет башчысы Костанайдагы абал менен таанышты

Түндүк Казакстан облусуна баргандан кийин президенттин учагы Костанай облусуна учуп кетти. Касым-Жомарт Токаев бул жерде абал менен таанышуу үчүн аймактарды кыдырып келди. Облус акиминин айтымында, суу ташкынынан улам облустун алты районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бүгүнкү күндө абал калыбына келди. Суу каптоонун алдын алуу үчүн азыр Каратомар, Жогорку Тобольск жана Желкуар суу сактагычтарынан суунун көзөмөлгө алынышы камсыз кылынууда. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков