Алматылык чебер адамдын фото сүрөтү боюнча түрдүү материалдардан куурчактарды жасайт

Алматылык чебер адамдын фото сүрөтү боюнча түрдүү материалдардан куурчактарды жасайт

Казакстандык чебер куурчак түрүндөгү адамдардын көчүрмөсүн жасайт. Алматылык Жанар Урсарованын кайталангыс эмгеги суроо-талапка ээ. Ал тургай Германия, Австрия, Израил, Италия, Боливия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн да көптөгөн буйрутмалар түшөт. Адатта мындай өзгөчө белектердин ээлеринин фото-сүрөттөрү жиберилет. Чебер аларды колдонуу менен адамдардын жүзүн жана өзгөчөлүктөрүн дал өзүндөй кылып куурчактарды жасайт.

 

Жанар Урсарова, чебер:

- Бир модель үчүн эки жума талап кылынат. Мен кардардын сүрөтүнө, б.а. анын бетинин жана терисинин түсүнүн так көчүрмөсү боюнча эксклюзивдүү куурчактарды жасайм. Бул мен үйрөнгөн купуя ыкмам десем болот.

Мындан туура 8 жыл мурун жөнөкөй хобби катары башталган куурчак өнөрү учурда чебердин сүйүктүү жана негизги кесибине айланган. Жанар ийне кармап, тигүүнү беш жашында чоң энесинен үйрөнгөн. Ошондон бери оюнчуктарына түрдүү кийимдерди тигип баштаган. Мунун баары барби куурчактарына казактын улуттук кийимдерин тигүүдөн башталган.

 

Захан Кыдырманова, таянеси:

-Мен ага тигүүчүлүктү үйрөткөм. Гезиттен оймо-чийме жасаганда неберем кичине кезинде көрүп, үйрөнүп алган. Анын аракетине карап, анын мындай таланты кайдан келип чыкканын, кантип ойлоп табарына таң калабыз.

Учурда атамекендик куурчак чебери ар кандай материалдардан 400дөн ашык уникалдуу чыгармаларды жараткан. Келечекте Жанар өзүнүн брендин түзүп, алган билими менен бөлүшкүсү келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков