Казакстандыктар интеллектуалдык менчик укуктарын каттай баштады

Казакстандыктар интеллектуалдык менчигин көп каттай баштады. Маселен, өлкөдө өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу тиешелүү кызматтарга кайрылуулар 50% көп түшкөн. Башкача айтканда, бул багыттагы укуктарды коргоого байланыштуу 13 жарым миңден ашык документ кабыл алынды. Ал эми быйылкы жылдын төрт айында бул көрсөткүч 30%га жакын өскөн. Бул тууралуу «Silk Way» каналына берген маегинде Улуттук интеллектуалдык менчик институтунун жетекчиси Ербол Оспанов билдирди. Юстиция министрлигинин алдындагы уюмдун жетекчисинин айтымында, акыркы жылдары өлкөдө географиялык көрсөткүчтөрдү жайылтууга басым жасалууда. Бул жаатта айта кетчү жагдай, 2022-жылдан баштап республикада аларга расмий түрдө патент алууга болот. Мындай каттоодон жалпысынан 6 объект өтүп, анын ичинде Арал самыны, Кызылорда күрүчү, Талгар алмуруту, Нарынкол картошкасы сыяктуу өнүмдүн түрлөрү бар.

Ербол Оспанов, Юстиция министрлигинин Улуттук интеллектуалдык менчик институтунун мүдүрү:

-Бул эмне үчүн керек? Мамлекет башчысы казакстандык өнүмдөрдү, жергиликтүү айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү жылдыруу жана өлкөнүн аймактарын дүйнөлүк рынокто чыгаруу менен улуттук брендди жайылтууну көздөйт. Ошондой эле бул багыттагы инветициялык дарамет жана тартымдуулукту арттыруу менен дүйнө эли Казакстан тууралуу көбүрөөк билип, ата мекендик өнүмгө делген суроо талапты эки эсеге көбөйтүү боюнча милдеттерди койду. Андыктан ар бир аймактын бай тарыхы, ата салты менен мол өнүмдөрүнө байланыштуу түрдүү укуктук иш-чараларды жүргүзүп, жайылтабыз. Башкача айтканда, ар бир облус бизге уникалдуу өнүмдөрдү сунуштай алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков