Казакстан – жоогазындардын мекени

Европалык дипломаттар Коргалжын коругунун флорасы жана фаунасы менен жакындан таанышты. Алар экологиялык акциянын алкагында карагайларды отургузуп, кызгылт фламинголорду жана жапайы Шренк жоогазындарын көрүштү. Дүйнөдө жоогазындын үч миңден ашык түрү бар. Алардын көбү казак түрүнүн «уруктары». Айта кетсек, Казакстанда жалпысынан жоогазындын 35 түрү бар, алардын 18и республиканын Кызыл китебине киргизилген. Мамлекеттик коргоого алынган жоогазындын бул түрү заманбап сортторунун бири болуп эсептелет.  Өсүмдүк Костанай облусундагы Наурзум коругунда да өсөт. Ошентип, Казакстандын түштүгүндө Кауфман, Регель жана Грейг жоогазындары кеңири тараган. Айта кетсек, акыркы түрү жоогазындардын падышасы деген наамды алып жүрөт. Маалым болгондой, жоогазындар Казакстандын аймагында мындан 10 миллион жыл мурун пайда болгон. Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко социалдык тармактагы баракчасында чет элдик дипломаттар менен видео бөлүшүп, «Казакстан жоогазындардын мекени» деп белгилеген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков