Казакстандын Инновациялык Евразия университети КЭРда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты. Ал Сиань шаарындагы Кытай-Борбор Азия маданий алмашуу борборунун базасында түзүлдү. Ошондой эле Павлодар ЖОЖ Сиань шаарындагы бир катар университеттер менен кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Тараптар унаа жасоо, электротехника, жасалма интеллект, робототехника тармактарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча макулдашышты.
Гүлвира Мусабекова, Павлодар шаарынын инновациялык Евразиялык университетинин ректору:
– Башкача айтканда, Павлодар университети менен Кытайдын Сиань шаарындагы жогорку окуу жайлардын ортосунда эл аралык академиялык алмашуу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, окуу процесстери менен таанышуу, профессорлорду чакыруу боюнча макулдашууга жетиштик. Эки тарап тең ачык жана инклюзивдүү саясат түзүүнү макулдашты. Биздин максат динамикалык эл аралык билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков