Казакстанда жасалма интеллектти колдонуу менен
медициналык экзоскелет иштелип чыкты. Назарбаев
университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан бул түзмөк инсульттан
кийин жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган бейтаптарды реабилитациялоо үчүн
арналган. Иштеп чыгуу клиникалык колдонууга толугу менен даяр. Бул
өлкөдө расмий түрдө катталган ушул түрдөгү биринчи медициналык жабдуу. Аппарат
чуркоо жолун, асма системаны, моторлор жана датчиктер менен жабдылган
роботтоштурулган каркасты айкалыштырат. Бул комплекстин баары бейтапка кайрадан
басууну үйрөнүүгө жардам берет, ал эми адистер реабилитациядагы өнүгүүнү
көзөмөлдөшөт. Жасалма интеллект алгоритмдери кыймылдарды реалдуу убакытта
талдап, колдоонун деңгээлин жана жардамдын күчүн ар бир муун үчүн өзүнчө
ылайыкташтырып, булчуңдардын табигый иштешин имитациялайт. Экзоскелеттин баасы
чет элдик аналогдорго караганда бир нече эсе арзан болот деп күтүлүүдө.
Айбек Ниеткалиев, Назарбаев Университетинин Робототехника кафедрасынын
ассистент-профессору:
– Бул, балким, балдарды реабилитациялоо борборунда гана эмес, чыныгы клиникалык шарттарда да колдонула турган биринчи иштеп чыгуулардын бири болуп саналат. Бул бир пилоттук долбоор сыяктуу, ал жерде иштелип чыгып, Травматология жана ортопедия улуттук борборунда, балким, ошондой эле жеке клиникаларда да орнотулушу мүмкүн. Биз ар кандай борборлор менен, анын ичинде чет өлкөлөрдө да иштөөгө даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

