Астанада туризмди
өнүктүрүү боюнча идеялардын марафону башталды. Бул жаштардын көзү менен
тармактын дараметин жогорулатууга багытталган чара. Maqsut Narikbayev
University студенттери алгачкылардан болуп бул багыттагы жаңы идеялары менен
бөлүшүп, инновациялык демилгелерди сунушташты. Жалпысынан 25 команда өз
долбоорлорун 3 багытта коргошту. Тактап айтканда, шаардын кооз жерлерин
бириктирген туристтик иш-чаралардын концепциясын иштеп чыгуу талабы коюлду.
Жаңы туристтик объектилерди жана саякатчыларды тартуу борборлорун түзүүнүн жана
санариптик чечимдер аркылуу шаардын инфраструктурасын өркүндөтүүнүн жаңы
ыкмалары сунушталды. Бул марафон Астананын башка жогорку окуу жайларында дагы
улантылат. Мыкты долбоорлор шаардык туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында
ишке ашырылат.
Диана Рашид, MAQSUT
NARIKBAYEV UNIVERSITY студенти:
- Биз «Evently»
тиркемесин уюштуруп жатабыз. Тиркеме Казакстандагы эң популярдуу ресторандарды
камтыйт. Коноктор видео жана фото тутумдар аркылуу өздөрүнө жаккан жерди карап
чыгып, тандай алышат. Эң негизгиси, адамдар убактысын жана акчасын үнөмдөө
менен алдын ала төлөө менен өздөрүнө жаккан даталарга, мисалы, бугу айынын 25не
онлайн буйрутма кыла алышат.
Максат Жанабаев,
Астана шаары инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармасынын орун басары:
- Статистикага таянсак,
Астанага келген туристтердин жалпы саны былтыркыга салыштырмалуу 1,5 миллион
адамды түзөт. Быйыл биз чоң пландарды түзүп жатабыз. Бул 1.5 миллион туристти
1.7 миллион туристке жеткирүү планыбыз бар. Жалпысынан туризм тармагы жыл сайын
өнүгүп жатат жана бул үчүн жаштардын сунуштары абдан маанилүү. Менимче, ал
мындан ары дагы өнүгөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

