Президенттин тапшырмасы менен дүйнөлүк предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү менен Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси жолугушту. Белгилей кетсек, окуу жылында Ата Мекендик окуучулар дүйнөлүк интеллектуалдык биринчиликке ийгиликтүү катышып, 26 медалга ээ болушту. Ерлан Карин аларды куттуктап, казакстандык жаштар үчүн талыкпаган эмгек, жаратмандык жана жаңычылдык аркылуу ийгиликке жетүүнүн үлгүсү болгондугун баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы депутаттар форумунда коомчулукту спортчуларды гана эмес, Эл аралык олимпиадалардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрүн да сыйлоого чакырганын эске салды. Бүгүнкү күндө Казакстан байге ээлерин сыйлоо тажрыйбасы бар саналуу өлкөлөрдүн бири. Ерлан Карин белгилегендей, мамлекет тарабынан өсүп келе жаткан муундун, биринчи кезекте билим берүү жана илим чөйрөсүндө толук кандуу ишке ашуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков