Сенат билим берүү тармагындагы эл аралык конвенцияны ратификациялады

Сенат билим берүү тармагындагы эл аралык конвенцияны ратификациялады

Казакстан Республикасынын Сенаты Жогорку билим берүү тармагындагы квалификацияны таануу боюнча Азия-Тынч океан аймактык конвенциясын ратификациялады. Мыйзам студенттер менен адистердин академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле, Казакстан менен Борбордук Азиянын билим берүү системаларынын интеграциясын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Макулдашуунун алкагында Казакстан жогорку билимге тиешелүү квалификацияны таануу боюнча улуттук маалыматтык борборлордун аймактык тармагына кошулат. Жалпы тармак аркылуу чет өлкөлүк дипломдордун түп нускалыгын тастыктоо, жогорку билим берүү системасынын сапаты менен иштешин камсыз кылуу боюнча ыкчам маалымат алмашууга жол ачылат. Ошону менен катар, документ казакстандык жогорку окуу жайларынын билим берүү кызматтарын экспорттоо үчүн жаңы рынокторду ачууну жана жаңы окутуу технологияларынын трансферин көздөйт. Белгилей кетсек, аталган Токио конвенциясына он эки мамлекет кирет.

Маулен Ашимбаев, парламент сенатынын төрагасы:

-  Каралып жаткан документ тараптардын ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт. Конвенциянын эрежелери ага кол койгон өлкөлөрдүн ортосунда квалификациянын ачык, өз убагында бааланышын камсыз кылууга багытталган. Мыйзамдын жактырылышы ага мүчө мамлекеттердин ортосунда өнөктөштүктү андан ары чыңдоого, өлкөбүздүн билим берүү системасынын беделин арттырууга оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков