Президент MFA International компаниясынын борбор калаадагы ишканасын кыдырып көрдү. Бул - өнөр жай респиратор жана газга каршы чыгарган Түркиядагы эң ири жана Европадагы алдыңкы үч компаниянын бири. 2020-жылы компания Казакстанга инвестиция салып, ушул заводдун курулушун баштаган. Касым-Жомарт Токаев медициналык буюмдарды чыгарган борбор калаадагы ишканалардын көргөзмөсүнө барды. Президентке өлкөдөгү кардиохирургия жана трансплантологияны өнүктүрүү багытында маалымат берилди. Быйыл бугу айында ALEM инновациялык аппаратын чыгарган заводдун курулушу башталганы тууралуу маалымат берилип, жүрөк ооруларын дарылоо боюнча көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар тааныштырылды. Президентке Kazecotech ишканасынын илимий-техникалык жетишкендиктери көрсөтүлдү. Акыркы үч жылда компания эң мыкты дүйнөлүк стандарттарга жооп берген 250дөн ашык протез даярдап, 500 адамды майып арабасы менен камсыздашкан.
Андан соң Касым-Жомарт Токаев KIA маркасындагы атайын жана коммерциялык техникаларды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. Ишкана 2022-жылдан бери 700дөн ашык автоунаа чыгарган. Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 11 миллиард теңгеден ашты. 240 адис туруктуу жумуш менен камсыздалган. Компания өндүрүштүк кубаттуулугун жана өнүм түрүн кеңейтүү үчүн башка дагы эл аралык бренддер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азыр рынокто сэндвич-панелдер өнөр жай, логистика, административдик, спорттук жана башка объектилердин курулушунда чоң суроо-талапка ээ. Президент бул өнүмдөрдү чыгарган KazPan заводун кыдырып көрдү. Эмгек жамааты менен болгон баарлашууда өндүрүш очогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттырып, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор салым кошоруна ишеним билдирди. Завод жылына 1,8 миллион чарчы метрге чейин өнүм чыгара алат.
Мамлекет башчысы «Миң жылдык» аллеясын өнүктүрүү планы менен таанышты. Астананын акими бекет жанындагы сейил бак Сарайшык районунун көрүнүктүү жерине айланарын айтты. Бул жерде оюн аянтчалары, амфитеатр болот. Быйыл Көз карандысыздык проспектисинин жанындагы турак жай комплекстерин камтыган сейил бак көрктөндүрүлөт. Астананы өнүктүрүүдө Туран проспектисинин батыш тарабындагы GreenLine бульвары да өзгөчө мааниге ээ. Баарынан маанилүүсү - долбоорлор ишке ашырылганда турак жай, жумуш, кызмат көрсөтүү, эс алуу жайлары жеткиликтүү жана бири-бирине жакын болууга тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

