Президент
Касым-Жомарт Токаев федералдык шайлоодо Канаданын либералдык партиясынын
жеңишинин урматына Премьер-министр Марк Карниге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Мамлекет башчысы Астана Оттава менен көп пландуу өнөктөштүктү жогору баалаарын
белгиледи. Ошондой эле, экономиканын
ар кыл тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даярдыгын
тастыктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

