Жаңы Конституция өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болот

Жаңы Конституция өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болот

Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда жарандардын жеке маалыматтарын коргоо кепилденет. Мажилис депутаты Айтуар Кошмамбетов белгилегендей, бул мамлекеттик кызматтардан баштап бизнеске жана билим берүүгө чейин күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калган технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан дүйнөдө абдан маанилүү. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жеке маалыматтардын ачыкка чыгышы киберкылмыштардын негизги себебине айланууда. Парламент өкүлү Конституцияда санариптик купуялуулук укугун бекитүү казакстандыктарды кыянаттыктан коргоого жардам бериши керектигин баса белгиледи.


Айтуар Кошмамбетов, Парламент Мажилисинин депутаты:


- Жарандардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу принципиалдуу жаңы мааниге ээ болууда. Ошондуктан мамлекет Конституция деңгээлинде санариптик купуялуулукту, жеке маалыматтарды кыянаттык менен пайдалануудан коргоону кепилдикке алышы керек. Биз иш жүзүндө эң масштабдуу жана терең саясий модернизациянын катышуучулары болуп саналабыз. Бул трансформация Мамлекет башчысынын саясий эркинин жана мамлекеттик институттарды жаңыртууга болгон жетилген коомдук суроо-талаптын айкалышынын натыйжасы болду.


Казакстандыктар жаңы Конституциянын жоболорунун 98% колдошот. Бул тууралуу Мажилис депутаты Елнур Бейсенбаев билдирди. Анын айтымында, Башкы мыйзамдын жоболорунун концептуалдуулугу биринчи эле беренеден көрүнүп турат. Бул – мамлекеттин коомдун суроо-талаптарына жообу, алардын башында – адилеттүүлүк, тартип жана туруктуулук турат.


Елнур Бейсенбаев, Парламент Мажилисинин депутаты:


- 2-берененин 1-пунктунда Казакстан президенттик республика бойдон кала берери, анда Мамлекет башчысы бийликтин бардык бутактарынын ырааттуу иштешин камсыздаары так жазылган. Өлкө Президенти мамлекеттин жана өлкөнүн келечеги, кабыл алынган чечимдер үчүн биринчи кезекте жоопкерчиликтүү. Бул артыкчылык эмес, бул эң жогорку милдет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков