Алдыдагы үч жылда Казакстандын ички дүң өнүмүнүн орточо өсүү темпи 5,3% жетет. Өкмөт өлкөнүн 2026-2028-жылдарга карата жана 2035-жылга чейинки узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүү болжолун жактырды. Жаңы көрсөткүчтөрдүн негизги кыймылдаткыч күчү реалдуу сектор жана кызмат көрсөтүү тармагы болмокчу. 2028-жылы экспорттун көлөмүн болжол менен 84 млрд долларга жеткирүү максатталган. Ошону менен катар отурумда алдыдагы 3 жылдык мезгилге арналган республикалык бюджеттин долбоору колдоого алынды. Жалпысынан алганда өлкө казынасы теңдештирилип, Мамлекет башчысынын бардык стратегиялык демилгелери эске алынды.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:
- 2035-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 66,8 триллион теңгеге чейин көбөйөт. Кепилденген трансферт 2029-жылдан баштап 2 триллион теңгеге чейин төмөндөйт. Бюджеттин тартыштыгы 2029-жылы ички дүң өнүмгө карата акырындык менен 0,4%га чейин түшүп, 2030-жылдан баштап нөлдүк деңгээлге жетет деп болжолдонууда.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Президенттин тапшырмасына ылайык, бюджет социалдык маселелерге багытталган бойдон калат. Ошону менен бирге экономиканын өсүшүнө түрткү берүүгө багытталган чыгымдар дагы көбөйтүлөт. Мындай чыгымдар ушул жылга салыштырмалуу кийинки жылы жалпы чыгымдардын курамында болжол менен 11%дан 16%га чейин өсүүдө. Бул өз кезегинде жалпы өлкө үчүн маанилүү болгон инфраструктуралык долбоорлор, бизнести шыктандыруу жана мамлекеттик колдоо чараларынан турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

