Казакстандыктар 2023-жылдын үчтүн айынан тарта Конституциялык сотко түз кайрыла алышат. Жарандардын кайрылуусунун себеби - бузулган укуктарды коргоо жана өлкөнүн негизги мыйзамынын нормаларын чечмелөө болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, буга чейин казакстандыктарда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Алар Конституциялык кеңешмеге жалпы юрисдикциядагы соттор аркылуу гана кайрыла алышкан. Астанада өткөн жыйында талдоочулар республиканын укук системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Альмира Шайхина, Юристтер академиясынын негиздөөчүсү:
- Ага өлкөнүн Конституциясына каршы келген укуктук норма колдонулду деп эсептеген ар бир жаран Конституциялык сотко кайрыла алат. Ал анда мага тиешелүү Конституциянын нормаларына каршы келген, жарандык укуктарды бузган актынын негизинде кандайдыр бир сот же административдик чечим чыгарылды деп арыз жаза алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков