Борбордук шайлоо комиссиясы токтом долбоорун кабыл алды. Белгилей кетсек, өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттин төмөнкү палатасынын 69 депутаты бирдиктүү жалпы республикалык шайлоо округунун аймагынан, ал эми 29 депутат бир мандаттуу аймактык шайлоо округунан ат салышат. Облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана борбордун маслихаттарында жалпы депутаттардын 50 пайызы мажоритардык система боюнча, 50 пайызы партиялык тизме боюнча шайланат. Талапкерлерге коюлган талаптар да так.
Константин Петров, БШК төрагасынын орун басары:
- Мажилистин депутаттыгына акыркы 10 жыл ичинде өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган жана 25 жашка толгон Казакстан Республикасынын жараны талапкер боло алат. Соттуулугу жоюла элек же мыйзамда белгиленген тартипте алынбаган адам, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте жемкорлук кылмышты жана коррупциялык укук бузууну жасагандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алган адам, - Парламент Мажилиси жана маслихаттын депутаттыгына талапкер боло албайт.
Ар бир аймакта талапкерлерди сунуштоо жана өзүн-өзү көрсөтүү бүгүнтөн тарта башталып, бирдин айынын 8де жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери бирдин айынын 18 нен жалган куран айынын 18не чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков