Казакстандык компаниялар Кытайда өтүүчү эл аралык импорт көргөзмөсүнүн алкагында кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өз кезегинде ал дүйнөдөгү эң ири өлкөлөрдүн бири болгон КЭРнын рыногуна кирүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Кытайдын ири компаниялары менен гана эмес, облустардагы чакан жана орто ишканалар менен да байланыш орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Акыркы жылдары эл аралык көргөзмөгө 130 ата мекендик компания өз өнүмдөрүн сунуштап, 260 миллион долларлык экспорттук келишимдерди түзгөн. Көргөзмөгө Казакстандан тышкары 69 мамлекет өз товарларын көрсөтүү үчүн келген.
Нурлан Кулбатыров, «Qaztrade» соода
саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн орун басары:
- Ачык Кытай – бул биринчи
кезекте биздин өлкөлөрдүн чакан жана орто ишканалары үчүн өз товарларын сунуштоого,
сатууга жана жакшы өнөктөш болууга мүмкүнчүлүк. Азыр бир гана тоо-металлургия
жана мунай өндүрүшүндө эмес, экономиканын башка тармактарында да бир нече дараметтүү
долбоорлор ишке ашырылууда. Маселен, агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүү
тармактарында кызматташуу күч алууда. Келечекте “Бир алкак, бир жол” долбоору транспорттук-логистикалык
байланыштарды гана чыңдабастан, казакстандык товарлардын экспортун өнүктүрүүгө
да жол ачат деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков