КЭР-нын төрагасы Казакстанга келет

КЭР-нын төрагасы Казакстанга келет

Кытай Эл Республикасынын төрагасы теке айынын 2-4дө мамлекеттик сапар менен Казакстанга келет. Президент Касым-Жомарт Токаев Си Цзиньпинди жеке өзү чакырган. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди. Кытай лидери Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат. Саммит борбор калаада теке айынын 3-4дө өтөт. Ошондой эле, бул убакта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин да Казакстанда расмий иш сапары болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков