Мамлекет башчысы Шымкент
шаарына иш сапары менен барды. Касым-Жомарт Токаев аэропорттун жаңы терминалы
менен таанышты. Түштүктө уникалдуу авиациялык ХАБды түзүү аймактагы аба
каттамдарынын санын 17ден 59га чейин көбөйтүүгө, ошондой эле Европа жана
Азиянын бир катар өлкөлөрүнө каттамдарды ачууга мүмкүндүк берери айтылды. Андан соң мамлекет башчысы Батыш Кытай – Батыш Европа стратегиялык
транспорттук коридоруна жакын жайгашкан Almaar Logistics соода-логистикалык
борборуна барды. 24 миң чарчы метр аянттагы көп функционалдуу комплекс өнүмдү
сактоонун алдыңкы технологиясы менен жабдылган. Ошондой эле Президент Айыл
чарба өнүмдөрүнүн көргөзмөсүн карап
чыкты. Өткөн жылы шаардагы 50гө жакын кайра иштетүүчү ишкана 168,5 млрд теңге
өнүм чыгарган. Касым-Жомарт Токаевге түрк жана Польша ишканалары күнөскана
комплекстерин курууга инвестиция салууга ниеттенип жатканын билдирди.
Президент ошондой эле жакында ачылган Coca-Cola заводуна барды. Өндүрүштүн
жүрүшү менен таанышкан мамлекет башчысы аймактын экономикалык өсүшүнө түрткү
бере турган ири инвестициялык долбоорлорду колдоонун маанилүү
Касым-Жомарт
Токаев өткөн жылдын кулжа айында пайдаланууга берилген конгресс-холлдун имараты
менен таанышты. Объект массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган.
Ошондой эле кол өнөрчүлөр борбору жана чеберканалар жайгашкан. Мамлекет башчысы
Шымкентте ишке ашырылып жаткан санариптик чечимдер менен да таанышты. Алардын
арасында шам чыракты интеллектуалдык башкаруу системасы, Avtobys санариптик
платформасы бар. Шаарда жол кыймылын жана коомдук тартипти мониторинг жүргүзгөн
видеобайкоо жана жогорку ылдамдыктагы интернет тутуму киргизилип жатат.
Президентке Шымкенттин курулуш планы тааныштырылды. Борбордук стадиондун, перинаталдык борбордун жана башка социалдык объектилердин курулушунун долбоорлору көрсөтүлдү. Президентке 2035-жылга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн үлүшүн 60 пайызга жеткирүү пландары айтылды. Мамлекет башчысы "Акжайык" кичи районундагы турак-жай комплексине барды. Жылдын аягына чейин бул жерде 35 турак жай комплекси курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

