К. Токаев Улуттук олимпиада комитетинин Президентин кабыл алды

К. Токаев Улуттук олимпиада комитетинин Президентин кабыл алды

Дүйнөлүк мелдештерде курама командалардын жыйынтыктарын жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Мамлекет башчысы Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин менен жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев Улуттук олимпиада комитетинин иши жана алдыдагы пландар менен таанышты. Комитеттин башчысы тармактык министрлик менен биргеликте спорттук инфраструктураны жакшыртуу, казакстандык спортчуларды дыкаттык менен даярдоо, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн көтөрүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди. Касым-Жомарт Токаев комитеттин алдында спорттун олимпиадалык түрлөрүн жайылтуу жана күчөтүү боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи. Ошондой эле, Президент Геннадий Головкинди эл аралык Бокс Федерациясынын олимпиадалык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков