Астана менен Анкара стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүдө

Астана менен Анкара стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүдө

Мамлекет башчысы Түркиянын вице-президентин кабыл алды. Джевдет Йылмаз Казакстанга биринчи жолу иш сапары менен келди. Жогорку даражалуу конокту тосуп жатып, Касым-Жомарт Токаев Түркия өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү экенин, бир тууган мамлекеттерди өз ара ишеним жана сый-урмат байланыштырып тураарын белгиледи. Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү келечегин, атап айтканда, өнөр жай, энергетика, логистика, агросектор, билим берүү жана туризм тармактарында талкуулашты. Өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө бүгүн Астанада өткөн Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны да өбөлгө түзөт, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Тараптар ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды камтыган эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Казакстандын президенти алдыдагы Анталия дипломатиялык форумуна катышаарын ырастап, Түркиянын аймактагы туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун жогору баалады. Өз кезегинде Джевдет Йылмаз Түркиянын лидеринен жылуу каалоолорду жеткирди. Анын айтымында, Реджеп Тайип Эрдоган Казакстанга боло турган сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун Түркестандагы бейформал саммитине катышуусуна өзгөчө маани берет.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки 35 жылга жакын убакыт ичинде биздин кызматташтыгыбыз ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкты. Казакстан менен Түркиянын ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жана пикир келишпестиктер жок. Бугу айынын 14дө президент Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен биздин өлкөгө келет. Сапардын алкагында Стратегиялык кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүп, бир катар жаңы келишимдерге кол коёбуз.


Джевдет Йылмаз, Түркиянын вице-президенти:


– Көрсөткөн кабыл алууңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз. Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандан жана бүткүл түрк элинен сизге жылуу салам жолдойм. Сиздин жетекчилигиңиз астында Казакстанда ишке ашырылып жаткан ырааттуу реформалар өлкөнүн туруктуулугун жогорулатат деп ишенебиз. Референдумда кабыл алынган жаңы Конституция өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кылсын деп чын жүрөктөн каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков