Казакстан биринчи жарым жылдыкта 146 миң тоннадан ашык күн карама майын экспорттогон. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30%га көп экендигин Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө тышкы рынокто 230 миң тонна өнүм саткан. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошону менен бирге республикада тазартылган майды өндүрүүнү арттыруу мерчемделүүдө. Бул максатта бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатат. Ошентип, 2025-жылдын аягы жана 2026-жылдын башына карата май иштетүү кубаттуулугу 600 миң тоннага жакын болот. Буга кошумча экспорттон түшкөн каражаттардын көлөмүн көбөйтүү көздөлүүдө. Товар өндүрүүчүлөр 520 миллион доллар пайда көрүшсө, экспортто бул көрсөткүч 600 миллион доллардан ашып кетиши мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков