Түркмөнстанда БУУнун 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Түркмөнстанда БУУнун 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Ашхабадда БУУнун 80 жылдыгына жана Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Катышуучулар дүйнөлүк түзүмдүн тынчтыкты, ишенимди жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдөгү ролун, ошондой эле Түркмөнстандын глобалдык демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымын талкуулашты. Тышкы иштер министри Рашид Мередов өлкө уюм менен кызматташтыкты ырааттуу түрдө бекемдеп келе жатканын белгиледи. Акыркы 20 жылда жалпы наркы 545 млн долларды түзгөн 560тан ашык биргелешкен долбоор ишке ашырылды. БУУнун Өнүктүрүү программасы жана ДССУ өлкөдөгү медициналык борборлордун курулушун, энелердин ден соолугун жакшыртуу жана кургак учук менен күрөшүү боюнча программаларды колдойт. Ал эми ЮНИСЕФ балдарга билим берүү жана алардын укуктарын коргоо боюнча өнөктөштүк түзгөн. Экология, климаттын өзгөрүшү жана жаратылышты коргоого да өзгөчө көңүл бурулат. Түркмөнстан БУУ менен биргеликте Каспий системасын коргоо боюнча долбоорду ишке киргизди.

Дмитрий Шлапаченко, БУУнун Түркмөнстандагы туруктуу координатору:

- БУУнун Түркмөнстанда иши өнүгүп жатканына кубанычтабыз. Биздин Түркмөнстан өкмөтү менен кызматташтыгыбыз күч алууда. Бул өнөктөштүгүбүз мурдатан стратегиялык багытка айланган. Мамилелерди андан ары өркүндөтүүнүн мааниси зор. Биздин өлкө өкмөтү менен түзгөн стратегиялык кеңеш биргелешип жасай турган көптөгөн маселелерди аныктады. Ошондуктан биздин байланышыбыз мындан ары дагы бекемделе берерине ишенем.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын Түркмөнстандын Президентине кайрылуусу кабыл алынды. Андан кийин өлкө Өкмөтү менен БУУнун ортосундагы алдыдагы 5 жылга арналган туруктуу өнүгүү тармагындагы кызматташтыктын негиздемелик программасына кол коюлду. Бул документ өз ара аракеттенүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков