Жашаган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган ар бир жаран саясий өнөктүктүн жүрүшүндө жергиликтүү аткаруу органдарына кайрылууга жана өзү иш жүзүндө турган аймактагы шайлоо участкаларынын бирине катталууга укуктуу. Бирок ал муну добуш берүү күнүнө бир ай калгандан кечиктирбестен жасашы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мындай укуктан нөөмөт менен иштегендер жана жатаканада жашабаган башка аймактардан келип окуган студенттер пайдалана алышат. Бул шайлоо күнү каттоого турган жерде боло албасын алдын ала билген жарандарга да тиешелүү. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандар шайлоочулардын тизмесинде бар-жоктугун катталган жери боюнча тиешелүү администрациянын сайты же колл-борбор аркылуу текшере алаарын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков