Казакстандык оор атлетчилердин Токиодогу Олимпиадага катышуусун адистер оң баалап жатат. Спортчулар төрт жылда бир өтө турган спорттук иш-чаранын башкы мелдештеринде Казакстанды татыктуу көрсөттү. Эске салсак, спорттун ушул түрү боюнча Казакстандын атынан Токиодо эки спортчу - Зульфия Чиншанло жана Игорь Сон чыкты. Ал экөө үйгө коло медаль менен кайтты. Алар байгелерди өз күчтөрү менен жеңип алышты. Олимпиадага жөнөө алдындагы көп сандаган текшерүүлөр жөнүндө өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын аткаруучу директору Алдияр Нуралинов айтып берди. Ал мелдеш алдында республикага эл аралык текшерүүчүлөр келгенин, Жапонияга учуу алдында жыйынтыктардын тазалыгын дагы бир жолу тастыктоо үчүн кошумча тест тапшырышканын бөлүштү. Адистердин айтымында, өлкөдө антидопинг программалары боюнча семинарлар жана тренингдер үзгүлтүксүз өтүп турат.
Алдияр Нуралинов, КР оор атлетика федерациясынын аткаруучу директору:
- Биздин атлеттер калыстардын чечимдерине, эске алынбаган упайларга карата зор сабырдуулук көрсөтүп, эрдик кылышты. Бул жагынан Игорь абдан кубантты, ал эч кайратынан жазган жок жана тренерлер белгилеген тапшырмаларды, салмактарды толук аткарды. Биздин атлеттердин мелдешке катышуусун албетте жакшы баалайм, алар Казакстан курамасынын эсебине зарыл медалдарды кошо алды.
Өз кезегинде казак спортчулары дагы жетишилген чек менен токтоп калбай, алдыда 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярдана турганын билдиришти.
Которгон: Субанбек Исмакеев