Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки тараптуу мамилелердин жогорку динамикасын белгилешти. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана чын куран айында Бухарада болгон жолугушууда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Президенттердин администрациялары, өкмөттөрү жана тиешелүү мекемелердин ортосундагы активдүү байланыштардын маанилүүлүгү баса белгиленди. Эки өлкөнүн лидерлери аймактык жана эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

