Мамлекеттик сектордогу жасалма интеллект эксперименттик
технология болуудан токтоп, башкаруунун практикалык куралына айланууда. Ал
мамлекеттик кызматкерлерди тандоо, баалоо жана окутуу, ошондой эле мамлекеттик
органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн активдүү колдонулат.
Казакстанда мамлекеттик кызматка сынактык тандоо толугу менен санариптик
форматка өткөрүлдү, бул жумушка алуу убактысын дээрлик беш эсеге кыскартты. 52
миңден ашык мамлекеттик кызматкер жасалма интеллект куралдары менен иштөө боюнча
окуудан өтүштү. Бул маселелер Астанада өткөн GovHR эл аралык форумунун негизги
темаларынын бири болду. Катышуучулар бүгүнкү күндө өзгөрүүлөргө тез көнүү
жөндөмү жана технологиялык чөйрөдө иштөө жөндөмү сыяктуу көндүмдөр алдыңкы
планга чыгарын белгилешет.
Дархан Жазыкбай, Мамлекеттик кызмат иштери боюнча
агенттиктин төрагасы:
– Биздин негизги максатыбыз –
санариптик трансформация жана жасалма интеллекттин өнүгүү доорунда адам
капиталынын негизги булактарын ачуу. Бул жагынан алганда, бардык жарандардын
категорияларын комплекстүү камтууга өзгөчө көңүл бурулат, бул мамлекеттик кызматкерлерге
гана эмес, жалпысынан адам ресурстарын системалуу өнүктүрүүгө да тиешелүү.
Парвиз Хазимов, Мамлекеттик
Сынактар Борборунун Компетенциясын Баалоо Бөлүмүнүн Башчысы, Азербайжан:
- Эгерде компетенция бар, бирок баалуулуктар жок болсо,
бул адам натыйжалуу мамлекеттик кызматкер боло албайт. Жасалма курал – бул жөн
гана курал, бирок чечим кабыл алуу, маалыматтарды талдоо жана моралдык жагы –
ар дайым адамда калат жана жоопкерчилик ар дайым адамда болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

