Казакстанда жаңы дүйнөлүк рекорд катталды. Өлкөнүн борборунда эң көп улуттуу оркестр өнөр тартуулады. Мындай жетишкендикти атайын келген Гиннес рекорддор китебинин расмий калысы каттады. Белгилей кетсек, масштабдуу иш-чара Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын утурлай уюштурулган. "Дүйнө музыкасы" долбооруна 51 өлкөдөн 75 улуттун өкүлдөрү катышты. Кастингге 500дөн ашык арыз келип түшкөн. Анда Абайдын, Бородиндин, Майкл Джексондун чыгармалары көп улуттуу оркестрдин негизин түздү.
Даут Шайхисламов, уюштуруучу:
- Биз атайын кастинг жарыялаганбыз. 500дөн ашык адам кайрылды. Тандоодон 110 адам өттү. Алар күн-түн дебей даярданышты. Оркестр 5 чыгарма аткарды, анын ичинен экөө казактын чыгармалары: «Кара жорго» күүсү жана Абайдын «Желсиз түндө жарык ай» аттуу ыры. Ошентип, рекорд Казакстанда жүзөгө ашты. Оркестр муну менен катар Аве Мария жана Вангелис чыгармасын да аткарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков