Жаңы Конституция – Казакстандын келечегинин укуктук негизи

Жаңы Конституция – Казакстандын келечегинин укуктук негизи

Жаңы Конституция Казакстандын саясий жана укуктук системасын масштабдуу модернизациялоого негиз салды. Ал мамлекеттин негизги баалуулуктарын бекемдеп, конституциялык институттардын ролун күчөтүп, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктады. Бул маселелерди Президенттик борбордо өткөн эл аралык тегерек үстөлдүн катышуучулары талкуулашты. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана чет элдик серепчилер катышты. Алар жаңы конституциялык ченемдердин тажрыйбада кандай иштеп жатканы жана андан ары эмне кылуу керектиги тууралуу сүйлөшүштү.


Алмас Канатов, парламентаризм институтунун аткаруучу мүдүрү:


–  Алдыңкы катарга эгемендүүлүк, көз карандысыздык, адам укуктары жана конституциялык түзүлүш сыяктуу баалуулуктар чыгууда. Жаңы Конституциянын токсон алты беренесинин ичинен биринчи беренеден баштап он биринчи беренесине чейинки бөлүгү башка беренелерге караганда өзгөчө артыкчылыкка ээ болот

Которгон: Илгиз Жамалбеков