Өкмөт айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо чараларын кабыл алды

Өкмөт айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо чараларын кабыл алды

Казакстандык аграрийлер кайрадан мамлекеттен колдоо алат. Өкмөт быйыл туруксуз аба ырайынан жабыркаган дыйкандардан буудай сатып алууга 31 миллиард теңгеден ашык каражат бөлдү. Тактап айтканда, каражат 350 миң тонна 4-5-класстагы дан сатып алууга жумшалат. Эске сала кетсек, тийиштүү тапшырманы Мамлекет башчысы берген. Ошол эле учурда, республикада 17 миллион гектар аянтта дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери аяктады, 16 жарым миллион тоннадан ашык дан, анын ичинде 11 миллион тоннага жакын буудай бастырылды. Бул ички рынокту камсыз кылуу жана дан эгиндерин, анын ичинде ун түрүндө экспорттоо үчүн жетиштүү. Эске сала кетсек, жалпысынан 2023-жылы өкмөт айыл чарба комплексин субсидиялоого дээрлик жарым триллион теңге, анын ичинде өсүмдүк жана мал чарбачылыгын субсидиялоого резервден кошумча 60 миллиард каражат бөлгөн. Ошондой эле, «Айыл аманаты» программасын жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттен 100 миллиард теңге багытталды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков