Суу үстүндөгү минаны, деңиз жана аба буталарын артиллериялык атуулар. Бул казакстандык деңиз аскерлери даярданып жаткан VIII Эл аралык армиялык оюндардын бир гана бөлүгү. «Деңиз кубогу - 2022» Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Аскер кызматкерлери деңиздеги чеберчилигин, сактоо каражаттарын колдонуу көндүмдөрүн жана өздөрүнүн кемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт. Мелдештерди өткөрүү тартиби аба ырайынын шарттарына жараша аныкталат. Оюндар баш оонанын үчүндө башталат. Мелдеш өтө турган жерге деңиз аскерлери «Сарыарка» ракеталык-артиллериялык кемеси менен барышат. «Урал» кемеси резервде турат. Азыр жоокерлер абадагы жана деңиздеги шарттуу буталарды атуу менен машыгып жатышат.
Которгон: Субанбек Исмакеев