Астанада «Борбордук Азиянын жылуулук энергетикасы» форуму өтүүдө

Астанада «Борбордук Азиянын жылуулук энергетикасы» форуму өтүүдө

Астанада Борбор Азияда жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүнүн алдыңкы ыкмалары каралды. Салттуу форумдун алкагында энергетика тармагын мамлекеттер аралык жөнгө салуу механизмдери, ошондой эле альтернатива энергия булактарын өнүктүрүү процесси талкууланды. Азыркы учурда Казакстанда 160тан ашык жашыл энергетика объектиси бар. Алар жалпы кубаттуулуктун 7% ашыгын, болжол менен 3,5 гигаватт энергияны өндүрүп жатышат. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 15% жеткирүү мерчемделген. Адистер жалпы кубаттуулугу 2,5 гигаватт болгон Казакстандагы биринчи Атомдук Электр Станциясынын курулушуна токтолушту. Жакынкы жылдары бул объект өлкөнүн энергия муктаждыгынын 20% камсыздай алат.

Равиль Валеев, серепчи:

– Даярдык иштери азыр эле колго алынган, ал эми курулуштун активдүү этабы 2027-жылы башталат деп күтүлүүдө. Бул жаңыланган энергия булактарынын өнүгүшү жагынан өтө маанилүү. Учурда энергия балансында күн жана шамал электр станцияларынын үлүшү өсүп келе жатат. Бирок, альтернативдик энергетика туруктуу генерация булактарынын ордун баса албайт. Ошондуктан атом тармагы жашыл энергетиканы толуктаган маанилүү багыт катары каралууда.

Сайфулла Шаисматов, долбоорлоо институтунун мүдүрү /Өзбекстан:

– Казакстан менен Өзбекстандын бул багытта колдонуп келе жаткан ыкмалары окшош, негизинен энергияны натыйжалуу өндүрүү технологиялары, альтернативдик энергия булактары багытында өнүгүп келебиз. Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана бул өлкөнүн долбоорлоо уюмдарынын жаңылыктарын өздөштүрүүгө даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков