Нидерланды Казакстанга 125 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

Нидерланды Казакстанга 125 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

Акыркы жыйырма жылда Нидерланды Казакстандын экономикасына 125 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Астанада казак-нидерланд ишкер кеңешинин экинчи жыйынында тараптар мындан ары кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Нидерланды Европа Биримдигиндеги эң ири чет элдик инвестор жана республиканын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 6 миллиард долларга жакындады. Бүгүнкү күндө Казакстанда Нидерланды капиталынын катышуусу менен 700дөн ашык компания иштейт. Өнөр жай, унаа жасоо, айыл чарба жана транспорт-логистика тармактарында өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу дарамет сакталууда. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын өнүгүшү Кытай менен Европанын ортосундагы маанилүү транзиттик коридор катары Казакстандын ролун күчөтөт.


Дана Касымова, Казакстандын Тышкы соода палатасынын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу:


– Казакстан негизинен мунай, мунай заттарын, титан экспорттойт. Нидерланды унааларды, жабдууларды, анын ичинде биздин клиникалар үчүн медициналык жабдууларды, айыл чарба өнүмдөрүн, жана гүлдөрдү экспорттойт. Иш-чарадан соң компанияларыбыздын өкүлдөрү түздөн-түз жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Натыйжада биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.


Нико Схермерс, Нидерланд Королдугунун Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси:


– Казакстан менен Нидерланды салттуу түрдө мунай жана газ тармагында жигердүү кызматташып келишет. Бирок, бүгүнкү күндө өнөктөштүк энергетикадан алда канча ашып кетти. Келечектүү багыттардын катарына суу чарбасы, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика жана инфраструктуралык долбоорлор кирет. Биздин өлкөлөр бүгүнкү күндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин тастыкташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков