Түндүк Казакстан облусунун өрт өчүрүүчүлөрүнө эми робот өрт өчүрүүгө жардам
берет. Жергиликтүү заводдун инженерлери өлкөдө аналогу жок акылдуу аппаратты
иштеп чыгып, куткаруучуларга белекке беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
кызматкерлеринин айтымында, техника татаал жана кооптуу аймактарда - жарылуу,
урап калуу жана экстремалдык температура коркунучу бар жерлерде өрттү жоюуга
арналган. Алыстан башкарылат. Роботтун ылдамдыгы секундасына бир метрге жетет.
Ал эми суу берүү системасы 65 метрге чейинки аралыкта өрттүн очокторун
эффективдүү өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Чынжырлуу машина таштандыларды,
тепкичтерди жана башка тоскоолдуктарды оңой эле жеңет. Робот сегиз саатка чейин
автономдуу иштей алат. Куткаруучулар жаңы продукцияны жумушчу шарттарда сынап
көрүштү.
Адиль Спаен, Түндүк Казакстан облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар
департамент башкармалыгынын жетекчисинин
орун басары:
- Өндүрүштүк аймактарда жарылуу коркунучу болсо же өрт чыгып кетсе, тез күйүүчү жана күйүүчү суюктуктарды сактоочу жайларда, биз бул роботту ушундай иштерге колдонобуз. Демек, бул жакшы робот. Бизге керектүү бардык шаймандар менен жабдылган.
Которгон: Назира Бегалиева

