2023-жылга карата санариптик телерадиоберүү өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат. Бул тууралуу маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аскар Омаров өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө калкынын 90%дан ашыгы санариптик берүү менен камтылган. Башкача айтканда, азыр бул жаңы жараян 11 региондо ишке ашырылды. Ал эми калган 6 аймакты келерки жылга чейин толугу менен көчүрүү пландалууда. Бул максатта быйылкы жылы Чыгыш Казакстанда 6 радио жана телевидение станциясы пайдаланууга берилет. Натыйжада облустук жана республикалык маанидеги шаарларда 30га чейин, ал эми облус борборунан тышкаркы калктуу конуштарда 15ке чейин телеканалдарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Министр бул жаатта атамекендик телеөнүмдөргө жергиликтүү жана чет элдиктер тарабынан кызыгуу артып келе жатканын белгилеп өттү.
Аскар Омаров, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:
- 2021-жылы 166 телеканалдын ТОП-10дугуна Казакстандын 6 телеканалы, анын ичинде 3 мамлекеттик телеканал кирди. Акыркы 5 жылда мамлекеттин колдоосу менен 3500дөн ашуун сериядан турган 250гө жакын сериал тартылды. Алардын 50дөн ашыгы Сингапур, Орусия, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка мамлекеттерге сатылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков