«АрселорМиттал»
компаниясындагы Казакстандын активдерин республиканын пайдасына өткөрүп берүү жараяны
аяктап калды. Өкмөт келишимдин бардык чоо-жайы юридикалык процедуралар
аяктагандан кийин, башкача айтканда, жетинин айынын аягына чейин жарыяланарын
белгиледи. Эске сала кетсек, өлкөдө бул маселенин толук чечилиши тууралуу баш
оона айындагы «Казакстан» шахтасында болгон трагедиядан кийин да айтыла
баштаган. 46 адам каза болгон өзгөчө кырдаал ишти тездетти. Ошол эле учурда,
республиканын өкмөтү ички инвестор тапканын жакында эле биринчи
вице-премьер-министр Роман Скляр билдирген. Инвестор жакынкы 3 жылда 3 миллиард
долларга жакын каржы салууга тийиш. Мындан тышкары, инвестициялык салымдардын
суммасы бир миллиард доллардан ашат. Каражаттар өндүрүштүк коопсуздук
маселелерин чечүүгө жана жабдууларды жаңылоого токтоосуз жумшалышы керек. БУУнун
көмүр кениндеги метан боюнча атайын серепчилер тобунун төрагасы Раймонд Пилчер өзгөчө
кырдаалдын кайталанышына жол бербөө жана бул тармактагы эл аралык тажрыйба менен
бөлүштү.
Раймонд Пилчер, БУУнун
көмүр кениндеги метан боюнча атайын серепчилер тобунун төрагасы:
- Австралиядагы
шахталарда чоң көлөмдөгү көмүр казылып алынат, бирок ошол эле маалда авариялар
жана кырсыктар аз болот. Албетте, өзгөчө кырдаал жаралса шахталардын
коопсуздугуна жооптуу органдар иликтөө иштерин жүргүзүшү керек. Бирок мындай
фактыларды болтурбоого биринчи кезекте тоо-кен ишканалары өздөрү кызыктар жана
салымын кошуп келишет. Компаниялар жумушчулар жана калк менен түзгөн социалдык
келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Эгерде бул
келишим толук көлөмдө аткарылбаса, анда чечилбеген көйгөйлөр туңгуюкка
кептелет. Башкача айтканда, коопсуздук чараларын так сактоо зарыл, бул ошол эле
учурда ийгиликке жетүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк
берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков