Казакстандын коргонуу ишканалары мамлекеттин менчигинде болушу керек. Сенат төрагасы өлкөдөгү мамлекеттик коргонуу ишканаларын менчиктештирүү тууралуу өз пикирин билдирди. Мындай норманы көздөгөн мыйзам долбоорун Жогорку палатанын депутаттары карап чыгышты. Маулен Ашимбаев, тескерисинче, мындай өндүрүш борборлорун колдоо үчүн жаңы механизмдер керектигин баса белгиледи. Негизинен бул документ Улуттук коопсуздук жана атайын мамлекеттик органдардын ишине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган. Сенаторлор мыйзамдын айрым беренелерин кабыл алган жок. Депутаттар адам укуктарын жана эркиндигин чектөө нормаларын Конституциялык Соттун ченемдик резолюциясына шайкеш келтирүү, Казакстан жарандарына катыштуу ыктыярдуу дактилоскопиялык каттоону киргизүүнү тактоо сыяктуу бир катар толуктоолорду сунуштап, кайра Мажилиске кайтарды.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Бул - улуттун коопсуздук маселеси. Биз алар мамлекеттин менчигинде болушу керек деп эсептейбиз. Ошол себептен мындай ишканаларды колдоонун бир системалуу механизми зарыл экендиги талашсыз. Сиздерге бул маселени биздин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен бирге бекемдеп, мыйзам алкагында кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин аныктоо керек деп эсептейбиз. Мыйзамга мамлекеттик ишканаларды колдоо багытында өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралса, ал жагын депутаттар менен бирге кароого даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков