КМШ өлкөлөрүнүн алкагында кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттер өркүндөтүлөт. Өлкөнүн Сенаты дал ушуну караган мыйзамды жактырды. Анын алкагында акчаны адалдоонун жана терроризмди каржылоонун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн эл аралык стандарттар менен сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү каралууда. Андан тышкары, каржы мониторинги жана тобокелдиктерге баа берүү жаатындагы адистерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу каралган.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Бул максатта атайын Эл аралык борбор түзүү каралган. Бул борбор ушул багыттагы коркунучтарды баалоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн арасында корголгон маалыматтык система аркылуу маалымат алмашууга жол ачат. Жактырылган мыйзам кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыра түшөт деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

