Президент ички иштер министри Марат Ахметжановду кабыл алды

Президент ички иштер министри Марат Ахметжановду кабыл алды

Мамлекет башчыга мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Бул чаралар өлкөдө киши өлтүрүүлөрдүн санын бир топ кыскартууга шарт түздү. Ошондой эле, уурулук жана мал уурулук боюнча кылмыштардын бетин ачуу иштери күчөтүлдү. Президентке киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да маалымат берилди. Министрлик алты уюшкан кылмыштуу топту жок кылып, алдамчылык белгилери бар 165 сайттын ишин убактылуу токтотту. Мамлекет башчысы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, интернет-алдамчылыктын, айыл жериндеги кылмыштуулуктун ар кандай көрүнүштөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамдык чараларды көрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков