Борбор
Азия бүгүнкү күндө глобалдык экономикада маанилүү звеного айланууда. Дүйнөлүк
аренанын ири оюнчулары аймакка кызыгышат. Анын ичинде-Европа Биримдиги дагы. Серепчилер тартымдуулуктун негизги факторлорун
соода жана логистика үчүн пайдалуу географиялык абалды – тагыраагы Азия менен
Европанын ортосунда, жаратылыш ресурстарынын корлору, аймактын экономикасынын
тез өсүшү, жаңы тармактардын түзүлүшү, инвестициялык саясат, адам капиталы деп
аташат. Региондо өлкөлөрдөгү саясий туруктуулук маанилүү. Анын үстүнө Европа
өлкөлөрү Борбор Азияда болуп жаткан реформаларга жана интеграциялык
процесстерге оң баа беришет. Ал эми Өзбекстандын Самарканд саммити
Евробиримдиктин аймакка болгон стратегиялык кызыгуусун ырастап, беш республика
менен эки тараптуу жана көп тараптуу алаканы бекемдөөгө мүмкүнчүлүк болуп
саналат. Энергетикада, өтө маанилүү ресурстарда, инновацияларда өнөктөштүк жана
кооперация үчүн жаңы келечектер ачылат. Аймактын транзиттик каттамдары, айрыкча
«орто» башкы көңүлдө. Белгилей кетсек, Европа
Биримдиги - Борбор Азиянын экинчи ири соода өнөктөшү жана алдыңкы инвестору. Аймактагы
капиталдын 40%дан ашыгы Европа өлкөлөрүнөн келет.
Ал арада Өзбекстан менен Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «жашыл» экономиканы, санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти, транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Тиешелүү программалар жана долбоорлор Шавкат Мирзиеевдин каржы институттун башчысы менен жолугушуусунда аныкталды. Ал эми Өзбекстандын, Европа Комиссиясынын жана Европа кеңешинин президенттеринин катышуусунда өлкөдө Европа инвестициялык банкынын аймактык кеңсесин түзүү келишимине кол коюлду. Бул Өзбекстандагы жана жалпысынан Борбордук Азиядагы инновациялык өнөр жайга жана инфраструктурага инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

